Кыргыздын белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков дагы бир таланттуу спортчу Автандил Таалайбек уулун Азия чемпиондугунун финалдык беттешинин алдында колдоп, ага моралдык жана техникалык жактан жардам көрсөттү.
Социалдык тармактарга тараган видеолордо Жоламан Шаршенбеков Таалайбек уулуна күрөштүн ыкмаларын көрсөтүп, маанилүү кеңештерин берип жатканын көрүүгө болот. Бул көрүнүш көпчүлүктүн жылуу пикирин жаратып, спортчулар арасындагы биримдиктин жана колдоонун жогорку деңгээлин дагы бир жолу далилдеди.
Финалдык беттеште Автандил мырза жеңишке жетип, Шаршенбеков кубанычын жашыра алган жок. Эки спортчу тең тажрыйбалуу машыктыруучу Хаким Махмудовдун жетекчилиги астында машыгып келишет.
Айта кетсек, Жоламан Шаршенбеков Азия чемпиондугуна бул ирет ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок.