Биз социалдык тармакта

Иран убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын ачууга көндү 

Иран бийлиги эки жумага созулчу убактылуу тынчтык мезгилинде Ормуз кысыгын убактылуу ачып турууга көндү. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Билдирүүдө айтылгандай, кысык аркылуу коопсуз өтүү ирандык аскер кызматкерлери менен координацияланып, техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен камсыздалат.

"Иранга каршы чабуулдар токтотулса, биздин куралдуу күчтөргө каршы аракеттерибиз токтотулат",- деген Аракчи.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу менен эки жумалык ок атышпоого келишим түзүшкөнү айтылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан