Биз социалдык тармакта

Милиция өз өмүрүнө кол салды делген окуучу боюнча маалымат берди

Нарын облустук милициясы Ийри-Суу айылында өз өмүрүн кыйды делген 7-класстын окуучусу боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, окуя 1-апрелде катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, 2012-жылы туулган 7-класстын окуучусу өз үйүнүн короосундагы сарайда асынып алгандыгы аныкталган.

Маркумдун денесине тиешелүү экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары улантылууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Нарындын Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганын билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан