Биз социалдык тармакта

Парламентте 110 сом үчүн 7-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганы айтылды

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Нарындын Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганын билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 1-апрелде болгон. Окуучу класста китепке деп чогултулган акчадан 110 сом жоголгонуна байланыштуу муунуп алган.

"Тарбия завучу окуучуну иш бөлмөсүнө киргизип, суракка алыптыр. Анан бала намыстанып асынып алыптыр. Өкмөттөн муну көзөмөлгө алууну суранам",- деди Сурабалдиева.

Мамлекеттик органдар азырынча бул факт боюнча маалымат берише элек.

Парламентте 110 сом үчүн 7-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйганы айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан