Биз социалдык тармакта

Ливанда Израилдин соккуларынан кийин 254 адам каза болду

Ливанда Израил тарабынан жасалган бир катар соккулардан кийин жаракат алгандардын саны 1165, каза болгондордун саны 254 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Жарандык коргонуу башкы башкармалыгына таянып билдиришти.

Маалыматка ылайык, эң көп жоготуулар борбор шаар Бейрутта катталды: 92 адам каза болуп, 742 киши жаракат алган. Ал эми Ливандын борборунун түштүк чет жактарында 61 адам каза болуп, 200 киши жаракат алды.

Мындан тышкары, соккулар Баальбек, Набатия, Сайда шаарларына жана өлкөнүн башка бир катар аймактарына да тийген.

Буга чейин Израил армиясы Жакынкы Чыгышта түзүлгөн ок атышпоону токтотуу келишимине карабастан Ливандын түштүгүнө бир нече мүнөт ичинде массалык соккуларды жасаганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан