Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Зеленский италиялык RAI телеканалына берген маегинде айткан.
Анда Зеленский жолугушууга АКШ же Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр ылайыктуу экенин белгилеп өткөн.
"Мен Путин менен жолугушууга даярмын. Албетте, Москвада же Киевде эмес. Эгер ал мени менен жолугушууга даяр болсо, анда жер табылат. Биз АКШда, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө же Европада жолуга алабыз",- деген Украинанын өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, буга чейин Зеленский Орусия тарапка ок атышууну токтотуу сунушун да киргизген болчу.