Биз социалдык тармакта

Путин Пасха майрамында ок атышууну убактылуу токтотот

Орусиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамына карата ок атышууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кремлден кабарлашканын Орусия басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ок атышууну токтотуу режими 11-апрелде саат 16:00дөн башталып, 12-апрелдин аягына чейин күчүндө болот. Москва бул демилгени Украина тарап да колдоого аларына ишенген.

Ошол эл учурда Путин Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө ок атышууну токтотуу режимин сактоо боюнча буйрук берип, бирок мүмкүн болгон чагымчыл аракеттерге жооп берүүгө даяр болууну тапшырган.

Белгилей кетсек, буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Жакынкы Чыгыштагы убактылуу тынчтык келишими сыяктуу Украинадагы жаңжалда ок атышууну токтотуу сунушун билдирген болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан