Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 10-апрелдеги отурумунда Рамис Жунусалиевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигинен баш тартуу боюнча жазган арызын карап, канааттандырды.
Айта кетсек, ал №19 округдан депутат болгон Абдылдабек Эгембердиевдин ордуна келмек. Эгембердиев мандатынан ажыратылган. Ал эми учурда Жунусалиев тергөө абагында. Ал былтыр декабрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган.
Эми парламенттеги бош орунга №19 округдан Улан Сариев келип калышы ыктымал. Сариев 2021-жылдан 2023-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген. 2023-жылы Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Бирок шайлоо учурунда добуш сатып алууга шектелип, БШК анын каттоосун жокко чыгарган.