Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Орозобек Токтомамбетов жарым финалда япониялык атаандашына жеңилип калды.
Эркин күрөштөн 74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан балбандардын беттеши 10:0 эсебинде аяктады. Эми Токтомамбетов коло байге үчүн күрөшөт.
Токтомамбетов буга чейин индиялык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.