Эркин күрөшчү Орозобек Токтомамбетов Азия чемпиондугунун чейрек финалында индиялык атаандашын жеңип алды.
74 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан балбандардын беттеши 2:0 эсебинде аяктады. Эми Токтомамбетов жарым финалда япониялык балбан менен күрөшөт.