Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айдарбеков БШКга мандат алуу тууралуу арыз тапшырды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 13-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына мандат алуу тууралуу арыз тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.

"Бир айдан ашык убакыт өттү. Ошондон тарта БШК мага бир да расмий жооп берген жок. Мен 10-марттан бери Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттыгына расмий талапкер экеним анык, ага өзгөчө макам бар",- деп жазган ал.

Белгилей кетсек, 10-мартта Кубанычбек Конгантиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылып, ошол эле күнү УКМК тарабынан кармалган. Анын ордуна №21 шайлоо округу боюнча Чыңгыз Айдарбеков депутат болуп келиши керек болчу. Бирок мандат берүү кечеңдеп, муну БШК Айдарбековго байланыштуу ИИМден тиешелүү маалымат күтүп жатканы менен түшүндүргөн. Айдарбеков БШК ага депутаттык мандатты негизсиз бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк ал өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан