Рим папасы Лев XIV АКШнын президенти Дональд Трамптан жана анын администрациясынан коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу Рим папасы журналисттерге берген маегинде айтканын чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалымат боюнча, буга чейин Трамп папаны сындап, анын саясатын колдобогон папанын кереги жок экенин билдирген. Ошондой эле Трамп Левдин Ватиканда болушуна өзүнүн салымы бар экенин белгилеп өткөн.
"Мен Трамптан, анын администрациясынан коркпойм. Мен согушка каршы үнүмдү катуу чыгара берем",- деген Рим папасы.