АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иран портторуна кирген же чыгып жаткан бардык кемелерге каршы деңиз блокадасын жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар CENTCOM'го таянып жазышты.
Маалым болгондой, Иран портторуна деңиз блокадасы 13-апрелде күчүнө кирди.
"АКШнын Борбордук командачылыгы президент Дональд Трамптын көрсөтмөсүнө ылайык, 13-апрелде саат 10:00дөн (Европа убактысы менен) баштап Иран портторуна кирүүчү жана чыгуучу бардык деңиз кыймылын блокадага ала баштайт",- деп айтылат анда.
Белгиленгендей, бул чаралар Ирандын портторуна кирген же андан чыккан бардык өлкөлөрдүн кемелерине нейтралдуу түрдө колдонулат, анын ичинде Перс жана Оман булуңдарынын акваторияларында да.
Ошол эле учурда Борбордук командачылык Ирандан тышкаркы портторго бара жаткан же ал жактан чыгып келе жаткан кемелерге Ормуз кысыгы аркылуу өтүүгө тоскоолдук кылбай турганын тактады.
Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.