Биз социалдык тармакта

Жоокердин апасы Садыр Жапаровго кайрылды

4-апрель күнү Баткен облусунда аскердик кызмат өтөп жаткан жоокер Данияр Нурбеков жол кырсыгына кабылган. Ал бир аскер бөлүгүнөн экинчисине которулуп бара жаткан учурда кырсыкка учураган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык жолдогу чуңкурдан улам болгон.

Кырсыктын кесепетинен жоокер оор жаракат алып, учурда абалы өтө оор экени маалымдалды.

Жабыркаган жоокердин апасы – жалгыз бой эне Бактыгүл айым өлкө башчысына кайрылып, уулунун дарылануусун жеке көзөмөлгө алууну жана керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү өтүндү. Ошондой эле ал окуя боюнча адилеттүү териштирүү жүргүзүлүшүн талап кылууда.

Учурда үй-бүлө коомчулуктун колдоосуна муктаж экендигин белгиледи.

Жоокердин апасы президентке кайрылды
Жалгыз бой эне
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан