Ысык-Көл акваториясында синтетикалык балык уулоочу торлорду тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу 20-апрелде облустун милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жуманын жыйынтыгы менен көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан жалпы узундугу 15 800 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Ошондой эле тазалоо иштеринин жүрүшүндө 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чогултулуп, чыгарылган.
Эске салсак, буга чейин өлкө башчы
Садыр Жапаров элди көлдөргө, суу сактагычтарга балык кармоо үчүн тор салбоого жана андай торлорду тиешелүү мамлекеттик мекемелерге өткөрүп берүүгө
чакырган.