Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров элге өтүнүчүн айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров элден көлдөргө, суу сактагычтарга балык кармоо үчүн тор салбоону жана андай торлорду тиешелүү мамлекеттик мекемелерге өткөрүп берүүнү өтүндү.
"Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт. Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы.
Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш. Эл арасында "торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы" деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келинген торлордун арты бүтпөй жаткандай. Ошондуктан, кимде мурда алынып келинген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч",- деп жазды президент социалдык тармактагы баракчасына.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан