Иран АКШ менен өтө турган сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуу үчүн Исламабадга делегация жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Иран парламентинин улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комитетинин төрагасы Ибрагим Азизи Al Jazeera телеканалына билдирген.
"Биз эч качан сүйлөшүү принцибинен корккон эмеспиз. Балким, бүгүн же эртең кошумча баалоодон кийин муну мүмкүн деп эсептейбиз. Бирок бул америкалык сүйлөшүү тобу Ирандан алган билдирүүлөргө оң сигнал берсе гана ишке ашат",- деп билдирген ал.
Буга чейин Иран бийлиги Вашингтондун ашыкча талаптарынан улам АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасына катышуудан баш тартканы тууралуу билдирүү тараткан.