УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков 15-июнга чейин камакта калтырылды. Маалыматты бүгүн, 20-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка ылайык, мындай чечим 10-апрелде чыккан. Ошондой эле УКМКнын мурдагы Улан аттуу кызматкеринин камактагы мөөнөтү да 15-июнга чейин узартылган. Аталган жарандын "Вазелин" аттуу каймана аты бар.
Эске салсак, февралда Элдар Жакыпбеков менен УКМКнын мурдагы кызматкери жемкорлукка шектелип кармалышкан.