УКМКнын "Вазелин" каймана аттуу мурдагы кызматкери 15-апрелге чейин камакка алынды. Маалыматты бүгүн, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Райондук сот 21-февралда Аскердик прокуратуранын тергөөчүсүнүн аны камакка алуу өтүнүчүн карап, канааттандырган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылууда.
Айта кетсек, социалдык тармактарда "Эдунун кырк чоросу" деп аталган топ тууралуу маалыматтар тараган. Анда топтогу адамдардын лакап аттары айтылган.
Топтогулар УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын камакка алынган мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун кишилери экени айтылып келет.