Биз социалдык тармакта

"Ар бир мүнөтүмдү баалайм". Актриса Мээрим Касаболотова 47 жашка толду 

"Апамдын махабаты" тасмасында Керездин ролун жаратып, калкыбызга белгилүү болгон театр жана кино актрисасы Мээрим Касаболотова бүгүн, 23-апрелде 47 жашка толду. Актриса айым өздүк майрамында социалдык тармактагы баракчасына пост киргизип, ар бир жаш курагын баалай турганын жазды.

"Кош келдиң өздүк майрамым. Ар бир жашты маңыздуу жашап өтөлү, себеби өмүр бир гана берилет. Бул жарык дүйнөдөгү ар бир мүнөтүмдү баалайм",- деп билдирүү калтырган ал.

Актриса Мээрим Касаболотова 1979-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Теплоключенка айылында төрөлгөн. Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайда кыл кыяк адистиги боюнча билим алган. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (азыр университет) актёр, кино жана драма бөлүмүндө окуган. Окуусун аяктаган соң Талас облусунда жаңы театр ачып, Талас облустук музыкалык драма театрында эмгектенген. Учурда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында эмгектенет.

Актриса Алыкул Осмонов атындагы "Эстелик" медалынын жана "Ыйык тил" төш белгисинин ээси, Маданияттын мыкты кызматкери.

Мээрим Касаболотова "Айыл өкмөтү", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Күйөө сатам" тасмаларына, "Чоочун киши", "Жалбыз", "Мурас", "Акча" телесериалдарына тартылган. Мындан тышкары, актриса поэзия дүйнөсүнө баш багып, ыр жазып келет.

23-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан