Биз социалдык тармакта

Эки ай мурун камактан чыккан... Талас Бегалиев 14 жылга абакка кесилди

Көк бөрү федерациясынын мурдагы президенти Талас Бегалиев 14 жылга эркиндигинен ажыратылды. Маалыматты Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 23-апрелде кабыл алынган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу", "Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу", "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" жана "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Облустук сот мүлкүн конфискациялоо менен камакка алуу чечимин чыгарган соң, Талас Бегалиев сот залынан камакка алынган.

Эске салсак, быйыл 20-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту Бегалиевди абактан бошоткон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 3 беренеси боюнча күнөөсүз деп табылып, акталган эле. Ал эми 2 берене боюнча күнөөлүү деп табылып, биринде кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенине байланыштуу жаза чегерилбесе, биринде тергөө абагындагы отурган күндөрү берилген мөөнөттү бүтүрүүгө өбөлгө түзгөн.

УКМК Талас Бегалиевди былтыр май айында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган жана опузалап акча талап кылган деген шек менен кармаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан