
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору 20 жылдык мааракесинин урматына MegaPay колдонуучулары үчүн атайын акция өткөрөт. 2026-жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейин кызматтардын акысын колдонмо аркылуу төлөгөн учурда, 20% жогорулатылган кешбэк түрүндөгү бонуска ээ болосуз.
Акция MegaPay бонустук программасы аракетте болгон кызмат көрсөтүүлөр үчүн тиешелүү. Кешбэк алуу үчүн, MegaPay QR-коду аркылуу же мобилдик телефонуңуздун балансынын эсебинен колдонмодо төлөм жүргүзүү жетиштүү. Топтолгон бонустарды программанын учурдагы эрежелеринин чегинде колдонууга болот.
Бул мааракелик акция күнүмдүк төлөмдөрдү мурдагыдан да пайдалуу жана ыңгайлуу кылууга, ошондой эле MEGAга көрсөткөн ишеними жана көп жылдык тандоосу үчүн абоненттерге ыраазычылык билдирүүгө багытталган.
Акциянын толук шарттары жана эрежелери менен бул жерден таанышууга болот.
08.01.2020-ж. КРУБ лиц. №3028080120, №2027080120.