Президенттин администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашынан улам айрымдар 90 миң сом алышарын билдирди.
"Шаардагы эмгек стажы жок жаш мугалим болжол менен 14 миң сом алса, азыр анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт. Салык төлөмдөрү кармалгандан кийин, колуна 32 миң сомдун тегерегинде тиет.