Жогорку Кеңештин депутаты Токтобүбү Ашымбаева мугалимдердин айлык акысынын көтөрүлүшүндө теңсиздик болуп калганын айтты.
Ал бүгүн, 23-апрелдеги парламент жыйынында маяна предметтерге жараша коэффициент менен жогорулатылганын белгиледи.
"2022-жылы мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндө, предметтик мугалимдердин коэффициенттери бирдей болбой калган экен. Ошонун натыйжасында айлыктарда айырмачылыктар жаралган. Эми азыр да алардын тынчсыздануусунун негизи ушунда болуп жатат. Эгерде ошол коэффициент теңдештирилбесе, айлыктагы айырмачылык андан дагы чоң болот",- деди эл өкүлү.
Айта кетсек, бул боюнча маселе парламенттин мурунку жыйындарында дагы айтылган. Агартуу министрлиги мугалимдердин эмгек акысы окуткан предметине карабастан 100 пайызга жогорулай турганын кабарлаган.