Биз социалдык тармакта

Баткендеги жубайлардын өлүмү боюнча маалымат берилди

Баткен облустук милициясы облуста каргашадан улам каза тапкан жубайлардын өлүмү боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 26-апрелге караган түнү Чоң-Кара айылында болгон. Анда 45 жаштагы жаран (күйөөсү) балдары уктап жатканда, уктоочу бөлмөдө 44 жаштагы жубайына бир нече жолу бычак сайган. Натыйжада, аял киши ошол жерде каза болгон. Андан соң 45 жаштагы жаран үйүнүн короосундагы өрүк бакка асынып алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Азырынча шектүүнүн мындай кадамга барганынын себеби белгисиз. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин Баткен районунда жубайлардын бири бычакталып, экинчиси асынган абалда табылганы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан