Президент Садыр Жапаров "75 адамдын катына" УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар же жок экени тергөөдөн кийин белгилүү болорун айтты.
"Анын катышы бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Учурда тергөө уланууда. Иш аяктагандан кийин сотко жөнөтүлөт. Ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экени боюнча акыркы чечимди сот кабыл алат",- деди мамлекет башчы Кактус медиага курган маегинде.
Эске салсак, 9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбековдор кармалышкан.