Кыргызстанда акыркы мезгилде балдарын эмдөөдөн өткөрүүдөн баш тарткан ата-энелердин саны көбөйүп жатканы айтылууда. Бул маселе коомчулукта талкуу жаратып, дарыгерлер эмдөөнүн маанилүүлүгүн кайра-кайра белгилеп келишет.
Эмдөө календары жана негизги вакциналар
Кыргызстанда эмдөө иштери мамлекеттик эмдөө календарына ылайык жүргүзүлөт. Бала төрөлгөндөн кийин 24 саат ичинде гепатит Вга каршы вакцина алат. Андан соң төрөт үйүнөн чыгар алдында БЦЖ вакцинасы — туберкулёзго каршы эмдөө жасалат.
Кийинки эмдөөлөр жаш курагына жараша улантылат: 2 айында, 3,5 айында жана 5 айында көк жөтөл, кептөөр, сенек, гемофилдик инфекция жана гепатит Вга каршы вакциналар берилет. 9 айында полиомиелитке каршы вакцина, ал эми 12 айында кызамык, кызылча жана эпидемиялык паротитке каршы эмдөө жүргүзүлөт. Андан кийин 2, 6, 11 жаштарда, ошондой эле 16, 26, 36, 46, 56 жаштарда ревакцинация жасалат.
Эмдөөнүн мааниси жана коомдук иммунитет
Адистердин айтымында, эмдөөнүн негизги максаты — кооптуу жугуштуу оорулардын алдын алуу. Калктын кеминде 95 пайызы эмдөөдөн өтсө, коомдук иммунитет түзүлүп, эмделбеген адамдар да корголот.
Ошондой эле вакцина ооруну толук алдын албаса да, анын оор формаларын жана татаалдашуусун кескин азайтат. Медицинада ооруну дарылоодон көрө алдын алуу эң натыйжалуу ыкма экени белгиленет.
Кимдерге эмдөө сунушталат жана каршы көрсөтмөлөр
Эмдөө бардык дени сак балдарга жана чоңдорго сунушталат. Ар бир вакцина алдында дарыгердин текшерүүсү милдеттүү.
Бирок айрым учурларда эмдөө убактылуу же толугу менен сунушталбайт: иммундук системасы начар адамдарда, онкологиялык оорулар бар кезде же вакцинанын компоненттерине күчтүү аллергия болгондо. Убактылуу ооруп жаткан учурда эмдөө кийинкиге жылдырылып, толук айыккандан кийин жүргүзүлөт.
Вакцина жана аутизм тууралуу миф
Вакцина менен аутизмдин ортосунда эч кандай илимий байланыш жок. Бул туура эмес маалымат 1998-жылы жарыяланган, кийинчерээк илимий жактан четке
кагылган изилдөөдөн улам тараган.
Андан кийин дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жүргүзүлгөн ири масштабдагы изилдөөлөр вакциналар аутизмди пайда кылбай турганын далилдеген. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жана башка эл аралык медициналык уюмдар вакциналардын коопсуз экенин расмий түрдө тастыкташкан.
Вакциналардын сапаты жана коопсуздугу
Кыргызстанда колдонулган вакциналар эл аралык стандарттарга жооп берет. Алар атайын катуу текшерүүдөн өтүп, мамлекеттик деңгээлде сертификацияланат.
Вакциналарды сактоо жана ташуу процессинде температура режими катуу көзөмөлгө алынат. Бул алардын сапатын жана эффективдүүлүгүн сактоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле бардык этаптар — өндүрүүдөн тартып колдонууга чейин — көзөмөлгө алынат.
Эмдөөдөн баш тартуунун себептери
Адистер эмдөөдөн баш тартуунун негизги себептерин төмөнкүлөр менен байланыштырышат:
Айрым ата-энелер толук маалыматсыз чечим кабыл алып жатканы да белгиленет.

Эмделбеген балдардын коркунучу
Эмдөөдөн өтпөгөн балдарда кооптуу жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу жогору.
Мисалы:
- кызамык, кызылча, паротит — пневмония, энцефалит, сокурдук сыяктуу оор татаалдашууларга алып келиши мүмкүн
- паротит — эркек балдарда тукумсуздук коркунучун жаратат
- гепатит В — боор циррозуна жана ракка алып келиши мүмкүн
- дифтерия — дем алуу жолдорун бүтөп, жүрөккө зыян келтирет
- полиомиелит — өмүр бою майыптыкка себеп болот
- сенек (столбняк) — булчуңдардын тырышуусуна жана дем алуунун токтошуна алып келет
Адистер эмдөө 100 пайыз кепилдик бербесе да, оорунун коркунучун жана оор өтүшүн кескин азайтарын белгилешет.
Эмдөө — бул балдарды жана коомду кооптуу жугуштуу оорулардан коргоонун эң натыйжалуу ыкмасы. Дарыгерлер ата-энелерди туура жана илимий маалыматтарга таянып чечим кабыл алууга чакырып, эмдөөнү баланын ден соолугу үчүн маанилүү кадам катары баалашат.