Биз социалдык тармакта

Президент: "Кыргызстан Того мамлекети менен кызматташууга кызыкдар"

Кыргызстан Того мамлекети менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасаганда айтты.

Президент эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында маанилүү макулдашуууларга жетишилгенин белгиледи.

"Бул сапар Кыргызстандын Африка багытындагы тышкы саясатынын жаңы этабынын башталышын билдирет. Африка – дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан аймактардын бири, ал эми Того – уникалдуу маданий мураска бай жана өз аймагында маанилүү орунду ээлеген өлкө. Андыктан бул келечектүү аймак менен туруктуу жана конструктивдүү саясий диалогду түзүүгө кызыкдарбыз.

Өткөн жылы биз Эфиопияда Кыргызстандын элчилигин ачтык, ал эми жакын арада Мисирде дагы ачабыз. Кыргызстан, өз кезегинде, 2021-жылдан бери экономикалык өсүш боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишти. Ошентип, акыркы жылдардагы экономикалык өзгөрүүлөр өлкөлөрүбүздү бириктирип турат.

Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен сүйлөшүүлөрдүн алкагында энергетика, санариптик өнүгүү, билим берүү, финансы жана маданият жааттарында бир нече сунуштар айтылды. Ошондой эле, эки өлкөнүн келишим-укуктук басазын түзүү үчүн биз бир катар маанилүү келишимдерге кол койдук. Алар айыл чарба, жогорку билим берүү, маданият, инвестиция, санариптик өнүгүү тармактарында кызматташууну илгерилетүүгө багытталган жана жаңы перспективаларга жол ачат",- деди өлкө башчы.

Жапаров Кыргыз өлкөсү Бириккен Улуттар Уюму жана Африка Биримдиги сыяктуу эл аралык жана аймактык аянтчаларда ийгиликтүү кызматташып келерин белгиледи.

"Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында Кыргызстан Африка союзунда байкоочу макамын алды. Кыргызстан тынчтыкты орнотууга, адам укуктарын сыйлоого, өнүгүп келе жаткан жана чакан өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетүүгө өзүнүн реалдуу салымын кошууга умтулат. Ушуга байланыштуу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Бул демилгебизди колдоого Того Республикасы даяр экендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз",- деди президент.

Белгилей кетсек, 28-апрелде өлкөгө Того Республикасынын министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе расмий жумуш сапары менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан