Биз социалдык тармакта

Ошто кесиптеш кызга басым көрсөтүшкөн милиция кызматкерлерине чара көрүлдү

Ош шаарында милиция кызматкери болуп иштеген кыздын кайрылуусу боюнча бир нече кызматкерге тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматкер кесиптештери тарабынан ыдык көргөнүн билдирип акыйкатчыга кайрылган.
"Жыйынтыгы менен Күзөт кызматынын Ош шаарындагы Чыгыш күзөт бөлүмүнүн башчысы жана дагы 7 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларга тартылды. Өздүк курам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тартип бузууларга, жүрүм-турум этикасына туура келбеген көрүнүштөргө жол бербөө боюнча алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү",- деп белгиленген маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан