Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык алмашуулар болду. Бул тууралуу бүгүн, 27- январда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар жолдору башкармалыгынын мурунку башчысы Төлөн Бакиров санитардык тазалоо боюнча атайын автобазанын башчысына которулду.
Ал эми атайын автобазанын мурунку башчысы Талант Касымов ден соолугуна байланыштуу кызмат ордунан бошотулду.
Ошондой эле Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеринин шаардык спорт мектебинин директору болуп Чыңгыз Примкулов дайындалды. Аталган мектептин мурдагы директору Б.Калиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Жаңы директор болуп дайындалган Ч.Примкулов грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери жана КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу болуп саналат.