Жогорку Сотунун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева БУУнун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева 24-январда Кыргызстандагы шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү үчүн өлкөнүн муктаждыктарын баалоо боюнча Бириккен улуттар уюмунун миссиясынын өкүлү С.Галкина менен жолугушту. Бул тууралуу 27-январда аталган мекеменин  басма сөз кызматы билдирди.

Миссиянын максаты Кыргызстандагы шайлоолордун процессин жана мүмкүнчүлүктөрүн, муктаждыктарын жөнгө салуу боюнча укуктук жана институционалдык базасын баалоо болуп саналат.

Миссиянын курамында БУУнун өнүгүү программасынын өкүлү Жанпьеро Катоззи, БУУнун саясий маселелери боюнча Жакынкы Чыгыш жана Батыш Азия боюнча бөлүмүнүн өкүлү Браян Позун жана электрондук технологиялар менен байланышкан шайлоолор тармагындагы эксперт Ронан Мак Дермотт болушту.

 Мындан тышкары, жолугушууга КРнын Президентинин алдында түзүлгөн шайлоо системи өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун мүчөсү, Жогорку Соттун судьясы Маргарита Мельникова катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан