Биз социалдык тармакта

Атлантикадагы лайнерде хантавирустан эки адам каза болду

Атлантика океанындагы круиздик MV Hondius кемесинин бортунда эки адам хантавирустан каза болду. Бул тууралуу кемеге ээлик кылган нидерланддык Oceanwide Expeditions компаниясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Компаниянын маалыматына ылайык, каза болгондордун бири - Нидерланддын жараны, ал 27-апрелде Сент-Хелена аралына түшкөндөн кийин көз жумган.

Хантавируска байланыштуу кырдаал май айынын башында белгилүү болду. Кемеде жалпысынан 149 адам бар. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул жагдай боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин жана саякаттарды чектөө зарыл эместигин билдирди.

Хантавирус - бул адамда оор илдеттерди, анын ичинде өпкөгө же бөйрөккө зыян келтирген ооруларды жарата турган вирустардын тобу. Ал адамга негизинен кемирүүчүлөр же алардын калдыктары менен байланышта болгондо жугат.

Адистердин айтымында, жуктургандар вируска круиз баштала электе, кургакта кабылышы мүмкүн. Коркунуч тобуна айыл чарба кызматкерлери, багбандар, дача ээлери жана жаратылышта эс алууну жактыргандар кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан