Ысык-Көл облусунда кыргыз-кытай чек арасында кылмышкерлердин колунан каза тапкан Александр Васильевич Барыкин Каракол шаарында акыркы сапарга узатылды.
Аза күтүү митингин ачкан шаар мэри Рыскул Калыгулов маркумдун басып өткөн жолу, эмгеги жана анын кыргыз журтчулугунун алдында аткарган атуулдук ыйык парзы тууралуу билдирүү жасады.
Ал 1952-жылы Түп районунда туулган. Жогорку биолог-мергенчи адистигин Орусиядан алып келген соң дээрлик өмүрүнүн 40 жылын ушул кесипке арнап, айрыкча Кыргызстандын аймагынан жоголуп бараткан жапайы айбанаттар дүйнөсүн коргоодо эмгеги зор.
КРнын Коргоо министрлигинин чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалай Усубалиев анын адамгерчилик, кесипкөйлүк, Ата Мекенди коргоодогу эрдигин белгилеп өттү. Ошондой эле президент Алмаз Атамбаевдин маркумдун үй-бүлөсүнө, жердештерине жолдогон аза кайгысын тең бөлүшө турган аманат сөзүн жеткирди. Президенттин корунан материалдык жардам катары берип жиберген 50 миң сомун Барыкиндин үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырды.
Митингдин соңунда анын сөөгү 26-январда түштөн кийин Караколдогу славян көрүстөнүнө коюлду.