Бишкекте бүгүн, 27-январда Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград шаарын душмандын блокадасынан толук бошотулгандыгына 70 жыл толгондугуна байланыштуу эскерүү митинги өттү.
Митингге блокадачылар мүчөлөрү, коомдук жана маданий ишмерлер, Кыргызстандагы Орусия элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Митинг-реквиемдин катышуучулары блокадачыларга арналган эстеликке гүл чамбар коюшту. Борбордук мэрия атынан кыргыз блокадачыларына 2 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындан сырткары аларга квартал сайын 1,2 миң сом көмөк көрсөтүлүп турат.
Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин Ленинград шаары 900 күн бою фашисттердин курчоосунда турган. Курчоодо 2 миллион 544 миң жаран калып, анын 400 миңге жакыны жаш балдар болгон. Ачкачылыктан 640 миң адам көз жумган. Бирок шаардыктар каармандык көрсөтүп, душмандарга баш ийип беришкен эмес.