ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитети чек ара окуяларын кароону баштады
Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети өлкөдөгү чек ара окуяларын кароону баштады. Айта кетсек, бүгүнкү жыйында 11-январда Баткенде болгон чек ара жаңжалына тийиштүү маселе жана кыргыз-кытай чек арасында 23-январда болгон окуя каралмакчы. Жыйынга вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана башкалар катышууда.