Бүгүн, 27-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 65 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат саясат боюнча бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мыйзам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө негизги жазадан ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөрдү бошотуу каралат:
– алгачкы жолу 5 жылга чейинки мөөнөткө соттолгон жашы жете элек өспүрүмдөр;
– 60 жаштан улгайган эркектер жана 55 жаштан улгайган айымдар;
– экиден кем эмес жашы жете элек балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдары бар, үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган, же алардын багуусунда I топтогу майып ата-энелери бар адамдар;
– үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдар, ошондой эле кош бойлуу аялдар;
– I жана II топтордогу майыптар;
– ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан ашык эмести түзгөн адамдар;
– анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.
Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамга ылайык, эгерде мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде жаза өтөгөн жерге, камакта кармоо жана аскер кызматын өтөгөн жерлерге өз ыктыяры менен келгендер Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу”, “Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу”, “Бөлүктү же кызмат ордун өз билип таштап кетүү”, “Аскерден качуу” беренелери боюнча каралган кылмыштар үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
Эскерте кетсек, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алынган.