Жогорку Кеңештин Баткендеги чек ара окуясы боюнча кабыл алган токтомун өкмөт бүгүнкү күнгө чейин карай элек. Муну ЖКнын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, ал токтомду комиссия карап, күн тартибине кирди.
Депутат Назарали Арипов Баткенде оор кырдаал түзүлүп турса, өкмөттүн Жогорку Кеңештин токтомун карай электиги туура эмес. “Абал оор, теледен чыгып интервью берип коюу менен маселе чечилбейт”,- деди депутат.
Эскерте кетсек, Баткендин Ак-Сай аймагында 11-январда болгон кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусу боюнча 15-январда Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген болчу.