Кыргызстан жиберген 2 нотага Тажикстан бүгүнкү күнгө чейин жооп бере элек. Муну ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 27-январдагы жыйынында вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, үчүнчү нотага жооп келген.
“Үчүнчү нота боюнча “биргелешкен комиссия түзөлү” деген жооп келди. Бирок жергиликтүү чек ара башкармалыктарынын деңгээлинде сүйлөшүү жүрүүдө. Мен өзүм Тажикстандын вице-премьер-министри менен бир нече жолу сүйлөштүм”,- дейт Мамытов.
Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов “Тажикстанга 3 эмес, 4 нота жибердик. Бирөөнө гана жооп келди”,- деп билдирди.