Бишкек шаарынын бекитилген башкы планында метробус линиясы көрсөтүлгөн. Метробус жалпы 10 көчө менен жүрөт.
- Чүй кең көчөсүнүн Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Иса Ахунбаев көчөсүнүн Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Мухтар Ауэзов көчөсүнүн Чүйдөн Ахунбаевге чейинки бөлүгү.
- Садыгалиев көчөсү боюнча Чүй көчөсүнөн Семетей көчөсүнөн чейин. Андан ары Семетей көчөсү менен Барпы Алыкулов көчөсүнө барат.
- Чыңгыз Айтматов көчөсүнүн Жеңиштин 50 жылдыгы көчөсүнөн Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү.
- Ибраимов көчөсү менен Чүйдөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.
- Жаш Гвардия гүлбагы көчөсү боюнча Чүй көчөсүнөн баштап Түндүк айланма жолуна жетпей барат.
- Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн Чүй көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү. Андан ары Курманалиев менен Алма-Ата көчөсүнө кошулуп, анан Түндүк айланма жолуна чыгат.
Мындан тышкары, башкы планда трамвай линиялары да каралган.