Жалал-Абадда «Спорт кылмыштуулукка каршы» деген ураандын астында кикбоксинг боюнча мелдеш болуп өттү

24–26-январь күндөрү Жалал-Абад облустук Кикбоксинг федерациясынын демилгеси менен Жалал-Абад облусунун укук коргоо органдарынын уюштуруусунда "Мекеним менин - Кыргызстан" аталыштагы профилактикалык иш-чаранын алкагында "Спорт кылмыштуулукка каршы" деген ураандын астында кикбоксинг боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чемпиондук Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жана «Кыргызнефтегаз» ААКнын колдоосу менен Кочкор-Ата шаарында өспүрүмдөр жана жаштар арасында болуп өткөн. Бул чемпиондукка Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 22 командадан 260 өспүрүм жана жаш спортчу катышкан. Иш-чаранын максаты жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдү спортко тартуу, патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле быйылкы жылдын жай айларында Италия өлкөсүндө жаштар арасында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна спортчуларды тандап, даярдоо экендигин айтат Жалал-Абад облустук Кикбоксинг федерациясынын президенти Алишер Акимбаев. Мелдештин жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИББинин башчысы Жеңиш Жоробековду, спортчуларды, машыктыруучуларды жана калыстарды акчалай сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан