23-январда кыргыз-кытай чек арасында жок кылынган 11 кишинин сөөгү кечээ Караколдон Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматчысы Сажира Чоколоева кабарлады.
Анын айтымында, УКМКнын кызматкерлери тарабынан керектүү экспертизалар, алардын ким экендигин аныктоо иштери жүрүүдө.
Эскерте кетсек, 23-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде 11 кишиден турган топ мергенчини өлтүрүп, бир чек арачыны жарадар кылган. Атайын операциянын жыйынтыгында алардын баары ошол жерден жок кылынган.