Бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев Ленинград баатыр шаарын блокададан бошотуунун 70 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Анда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусун окуду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:
“Урматтуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!
Бүгүн Ленинградды блокададан бошотуунун 70 жылдыгы белгиленүүдө. Ушул күнү бардыгыбыз Ленинградды душмандан коргоп, эмгеги жана ишеними менен мекендин эркиндигин сактагандардын жаркын элесине терең таазим этебиз. Блокададагы 900 күн жакшылык менен жамандыктын күрөшү катары, эрдиктин жана кайраттын бийик үлгүсү катары элдин эсинде түбөлүккө сакталып калат. Талкаланууга учурап, ачкачылыкта Ленинград 900 күн бою жашоо үчүн күрөшүп, эмгектенип турду. Кайратынан жанбай, акыры жеңишке ээ болду!
Баатыр шаарды коргоодо кыргызстандыктар катышкан. 4,5 миңден ашуун мекендешибиз Ленинграддагы салгылашта каза тапкан. Ленинградды коргоп жатып кыргызстандык жоокерлер киндик каны тамган Кыргызстанын коргоп жатышкан. Жерибиз да, мамлекетибиз да, жеңишибиз да бир эле. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 140 миңден ашуун адам Кыргызстанга эвакуацияланган. Курчоодо калган Ленинграддан 16 миң бала, карыялар жана аялдар алынып келинген. Кыргызстандыктар ленинграддыктарды, баатыр шаардын балдарын өз балдарындай тосуп алышкан. Блокадада калган Ленинграддын тарыхы - эки элдин биримдигинин, Орусия менен Кыргызстандын достугунун тарыхы.
Мезгил учкул. Жыл өткөн сайын блокадачылардын кыргыз коомунун катары суюлуп баратат. Бирок сиздер кайраты бекем, эрки күчтүү адамдарсыздар. Сиздердин муун - баатырлардын жана жаратмандардын мууну.
Урматтуу ардагерлер! Бүгүн биз сиздерге таазим этип, улуу эрдигиңер үчүн, каармандыгыңар жана кайратыңар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр жана бакубат турмуш каалайм!