Ош. Алай районунда "2014-жыл социалдык маселелерди чечүүдөгү элдик демилгелер жылы" деп жарыяланды

Бүгүн, 27-январда Алай райондук мамлекеттик администрациясында коллегиялык жыйын болуп өттү. Анда Алай районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн 2013-жылдагы жыйынтыктары жана 2014-жылга милдеттери жөнүндө маселе каралып, жыйынга өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков катышты. Район акими Таалайбек Сарыбашов билдирүү жасады. 2013-жылдын көрсөткүчтөрүнө токтолуп, 2014-жылдагы милдеттер жөнүндө маалымдады.

Жыйындын жүшүндө С.Жээнбеков 2014-жылы айрыкча салык, жайыт маселелери, малдардын асыл тукумдуулугун көтөрүү боюнча иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Алай районунда 2014-жыл - Социалдык маселелерди чечүүдөгү элдик демилгелер жылы деп жарыяланды жана ал боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчыларына, мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилип жана райондук мамлекеттик администрациясынын алдында уюштуруу комиссиясы түзүлүп иш алып бармакчы.

Жыйындын акырында 2013-жыл - Иштерман жылына карата райондун алдынкы кызматкерлерине Ардак грамоталар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан