Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинде бүгүн, 27-январда Каржы министрлиги менен Эсептөө палатасынын 2012-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалыматы угулуп, маселени сунуштарды эске алуу менен палатага алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, “Кумтөр” кенин эсепке албаганда экономикада өсүү байкалды. Дүйнөлүк банктын 30 миллион доллары, дагы башка эл аралык каржы уюмдарынын каражаттары өз маалында түшпөй калгандыгынан улам өнүктүрүү тармагынын эсебинен бюджетти секвестирлөөгө туура келди.
Эсептөө палатасынын төрайымы Элмира Ибраимова бюджеттин аткарылуу жүрүмүн текшергенден кийин өкмөткө бюджет тартыштыгын эсептөөнүн жаңы усулун колдонуу сунушталганын, ал сунуш учурда аткарылып жатканын билдирди.
Талкуу жүрүшүндө депутаттар көп учурларда Каржы министрлиги менен Эсептөө палатасынын сандык маалыматтары дал келбей жатканын айтышты.