Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн 

Кыргызстанга эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн экенин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада катталган эбола вирусунан улам эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Аталган аймактарда өлүм менен коштолгон учурлар катталган.

"Эбола – жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекция. Ал оору жуккан адамдын же жаныбардын каны, биологиялык суюктуктары жана булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба аркылуу жукпайт", - деп билдирди министрлик.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан