Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 27-январда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутькону кабыл алды.
А.Жээнбеков өлкөлөр ортосундагы бардык деңгээлдеги өз ара мамилелердин оң динамикасына көңүл бурду. Парламенттер аралык кызматташууга токтолгон төрага эки тараптуу форматта да, КМШ ПАА, ЕврАзЕШ ПАА жана ЖККУ ПА сыяктуу уюмдардын алкагында дагы парламенттер аралык байланыш өнүгүп жатканын айтты.
Крутько 2013-жылдын октябрь айындагы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкиндин Кыргызстанга болгон иш сапарын жогору деңгээлде өткөндүгүн билдирди. Кыргыз парламентинин жетекчилигинин чакыруусу менен жакында Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун Кыргызстанга расмий иш сапары пландаштырылып жатканын кабарлады.
Жолугушууда Кыргызстандан Орусияга барган эмгек мигранттарынын көйгөйү талкууланды. Тараптар бул маселени эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү эске алуу менен чечүү керек экенин айтышты.