Биз социалдык тармакта

Кубанын президенти АКШнын санкцияларын катуу сынга алды  

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШнын Гаванага күйүүчү май жеткирген өлкөлөргө жана компанияларга каршы киргизген санкцияларын кескин сындады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram-каналында билдирди.

Ал бул чечимди “кылмыштуу жана орунсуз” деп атап, АКШнын блокадасы башка өлкөлөргө да таасир этерин билдирди.

Анын айтымында, санкциялар Кубага инвестиция салууга же азык-түлүк, дары-дармек жана гигиеналык каражаттар сыяктуу негизги товарларды жеткирүүгө аракет кылган компанияларга да жайылтылууда.

"Куба элине жасалып жаткан жамааттык жазалоо - бул геноцид актысы болуп саналат, ал эл аралык уюмдар тарабынан айыпталып, анын демилгечилери жоопко тартылышы керек",- деп белгиледи ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан