“2013-жылдын 30-декабрында Кыргыз улуттук консерваториянын 3-курсунун студенти Орозбек кызы Надираны Өмүрбек Арипов аттуу жигит үйлөнүү максатында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарына ала качып кетти”, - деп кыздын апасы А.Сулайманова КРнын Акыйкатчысынын атына арыз жазды. Бул тууралуу 27-январда мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, А.Сулайманова Майлы-Суу шаарынын милиция кызматкерлерине кайрылса, ага эч кандай жардам көрсөтүлгөн жок. Андан соң кызы менен телефон аркылуу байланышканда ал каякта экенин билбей койгон. Жигит учурда кайсы жерде турганын айтпай жатат.
Кийин Майлуу-Суу ШИИБинин кызматкери Бакыт аттуу жигит “кызыңыз өз ыктыяры менен келди” деп орой сүйлөшүп телефонду өчүрүп салган.
А.Сулайманова жардам сураган тергөөчүлөр бул ишти өз мойнуна албай коюшуп, акыйкатчынын атына арыз жазган. Учурда Надиранын маселеси акыйкатчынын көзөмөлүндө.