Биз социалдык тармакта

МИК Караколдо суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди (видео)

Мамлекеттик ипотекалык компания Караколдо жаандан кийин суу каптаган көп кабаттуу үйлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматта анын негизги себептердин бири агын суу түтүктөрү тиричилик таштандыларга толуп калгандыгы белгиленди. Түтүк бүтөлүп, ага топтолгон суу чатырга жайыла баштаган. Басым күчөгөндүктөн, суу агымы тескери багытка жылып, чатыр аркылуу айрым батирлерди каптаган. Суунун бир бөлүгү жер төлөгө да өткөнү айтылды.

Компания белгилегендей, бул көйгөй МИКтин объектилерине гана эмес, башка имараттарга да таасир эткен.

МИК учурда кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын билдирип, жабыркаган батирлерди калыбына келтирип берерин кошумчалады.

МИК Караколдо суу каптаган үйлөр боюнча түшүндүрмө берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан