Интернет желесинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп, жаңы тапшырылган көп кабаттуу үйдүн төбөсүнөн суу акты делген видео тарап, талкуу жаратууда.
Маалыматка караганда, катуу жааган жаандан кийин жаңы курулган №2 үйдүн чатырынан суу кирип, подъезддерин суу каптап, батирлерге чейин суу кирген. Жашоочулар дубалдардан кадимкидей суу агып кирип жатканын көрсөтүп, үйдүн жер төлөсүн да суу каптаганын билдиришти. Ошондой эле үйдүн чатырындагы көйгөйлөр да айтылды.